Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:07

15:20 Ф.Кулов: Катардагыдай эле сурак болду


«Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронтунун лидери Феликс Кулов, Улуттук коопсуздук кызматына чакырылып, 19-апрелдеги тополоң боюнча сурак берип чыкты. УККнын имаратынан Ф.Кулов түштөн кийин саат 14:30да чыкты. Анын ырасташынча, тергөө учурунда митинг кимдер тарабынан каржыланганы жана тополоң эмне себептен болгондугу сыяктуу суроолор берилген. Ошондой эле ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, митинг учурунда чагым уюштуруп, бийлик эң чоң ката кетиргендигин баса белгиледи. Ф.Куловду колдоо үчүн келген жүзгө чукул Байтик айылынын тургундары аны менен жолуккан соң таркап кетишти. (IJz)

XS
SM
MD
LG