Мындай пикирин саясат таануучу Орозбек Молдалиев “Азаттыкка” билдирди. “Кыргызстан демократиялуу өлкө жана авторитаризм жолуна түшпөйт. Андыктан оппозиция лидерлерине куугунтук жасалат дегенге негиз жок. Эгер андай болчу болсо, дагы жаңы митингдер болушу ыктымал. Мен тергөө иштери адилеттүүлүк менен, мыйзам чегинде жүргүзүлөт деп ишенем”,- деп айтты Орозбек Молдалиев. (AiJu)