Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

КУБАТБЕК БАЙБОЛОВ: ЭЛДИ ЖЫРТКЫЧТЫК МЕНЕН САБАТКАН БАКИЕВДИ КЫЗМАТТАН КЕТИРИШ КЕРЕК


- Тынчтык митинги кубалап таркатылды. Бул митингдер бүттү дегендикке жатабы?

- Өйдө-төмөн айтыш кыйын. Мен “Реформа үчүн” кыймылынын жетекчилеринин бири катары биздин негизги макстабыз реформаны гана талап кылып келатабыз, 19 күндөн бери турганбыз. Бийликтин реформага эч кандай барбастыгы, реформага эч кандай ыкласы жоктугу акыры жүрүп күч менен митингди таркатканга баш байлаганы, мына бүгүнкү күнү көрүнүп турат.

- Түндө Жогорку Кеңеште фракция башчылары спикер менен бирдикте чогулуп кеңешме өткөрүшүптүр. Сиз ал кеңешмеге катыштыңызбы. Анда эмнелер талкууланды, айта аласызбы?

- Катыштык. Эч кандай, эч нерсе талкууланган жок, бирин-экин гана сөз. Түндөгү болгон окуянын тегерегинде сурасаңыз.

- Ошого токтоло кетсеңиз, сиз демонстрация учурунда да, кубалап таркатуу башталган учурда, провокация учурда да болуптурсуз, окуя кандай болду эле?

- Акүйдүн астында атайын даярдалган балдар чагым жасашкан. Анын баары тасмага тартылган. Биз да бир жолу көрдүк. Ошону күч менен таркатууга негиз катары ошол провокаторлордун кыймыл-аракети пайдаланылган. Аянтта эч ким калбай калгандыгына карабастан ар кайсы бурч-бурчтан кууп жүрүп, өтө мыкаачылык менен сабашты. Атүгүл менин көзүмчө менин кайнимди дагы 8 бала өзгөчө мыкаачылык менен сабап, азыр оор акыбалда доктурда жатат.

- Ушундай абалдан чыгуу үчүн эмне кылуу керек деп эсептейсиз?

- Бул бийликти, президент Бакиевди мөөнөтүнөн мурда шайлоого мажбурлап, элди экиге бөлүп, акыры жүрүп элди өзгөчкө жырткычтык менен сабаткан Бакиевди кызматтан кетириш керек.

- Ал эми Бакиев кечээки кубалап-таркатуу менен кызматтан кетпей тургандыгын тастыктады. Эмне кылуу керек. Бул жерде мүмкүн оппозиция менен бийликтин чогуу отуруп, кеңешип мунасалуу пикирге келиши керектир?

- Мунасалуу пикирге 9 күндүн ичинде эле жүздөгөн жолу келишке мүмкүнчүлүк бар болчу. Эч кандай реформага ыкласы жок, өзгөчө дүйнөдө жок ыйгарым укуктарды мыкчып жатып алуу гана максатын көздөгөндүгү үчүн эч кандай элди назарына алган жок. Албетте юридикалык жолун табуу өтө кыйын, импичмент Жогорку Кеңеште өтпөйт. Бирок, эл аралык кылмыштык сот бар, Бакиев жана анын тарапкерлери бийликти күч менен басып алганы дүйнөгө Орто Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен биринчи болуп прицидент калтырган. Башка Аксы боюнча токтомдор, айтор, юридикалык жол менен мен эми аракетимди баштайм.

- Сиз айтып өттүңүз, сиз жетектеген “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү, эгерде президент бирге отуруп кеңешип, ушул жерден мунасалуу пикирге келели деп сунуш кылса, сүйлөшүүгө барасызбы?

- Албетте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек. Мына ушул күнгө чейин өзү демилге көтөрүп, өзү катышкан кеңешме өткөрүүгө сунуш киргизген жок да. Албетте сүйшөшүшүбүз керек. Бирок, реформага барбастыгы айгине болду.

- Ырахмат.

XS
SM
MD
LG