Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

БАКЫТ БЕШИМОВ: НАЧАР САЯСАТЧЫЛАРДЫН АЙЫНАН МЫКТЫ ЖАШТАРЫБЫЗ ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРГӨ КЕТИП АТАТ

- Ошентип митингдердин кезектеги толкуну кагылышуу менен аяктады. Сиздин баамыңызда ушундай жагымсыз окуя үчүн ким жооптуу? Президенттин маалымат катчысы оппозиция митингчилерди башкара албай калды деди, оппозиция болсо албетте бул бийликтин провокациясы болду деп жатат. Сиздин пикириңизде эмне болуп кетти?

- Менин оюмча азыр бул нерсени ким уюштурду тактап айтыш өтө кыйын. Өзүңүз айткандай эки тарап бири-бирин күнөөлөп атпайбы. Муну тактаганда албетте биздин укук коргоо орагандар бүт болгонду объективдүү чындыкты айтат дегенден мен алысмын. Анткени көрүп турасыздар көп жылдар бою канча жолу кылмыштар жасалды. Бирок эч ким жоопкерчиликке тартылган жок жана көп кылмыштын бети ачылбады. Бул сапар да эмне болду? Эки тарап бири-бирин күнөөлөп аткандан кийин сөзсүз чындыкка жетиш өтө кыйын. Бирок дагы бир жолу күтүп туралычы, тергөө кандай жыйынтык менен бүтөт. Бирок кечээ ошол провокациянын негизинде күч менен митингди таратты.

- Мына азыр биздин кабарчыларыбыз шаардын борборунда “Дзержинский” бульварында жөн эле чогулган элди кууп таркатуу байкалып жатканын билдиришүүдө. Бириккен фронттун өкүлдөрү штабдын кеңсесине кол салуу болуп, төрт киши сабалганын ырасташууда, Баш прокуратура дагы кылмыш ишин козгоду. Бийлик куугунтуктоолорго барышы мүмкүнбү кечээки башаламандыкка шылтоолоп?

- Бийликтин ичинде ошондой күчтүн негизинде саясат өткөрөм дегендер бар. Аны эл да билет, ошондой кыймылдар деле болгон мурдатан. Экинчиден, идеологиялык жагынан бизге демократия туура келбейт, биз күчтүн негизинде тартип орнотушубуз керек дегендер деле жок эмес. Албетте ошолор өзүнчө күчтүн негизинде саясатты жүргүзүп, иш жасагысы келет. Ал нерсени күтсө болот. Ошондуктан менимче оппозиция ага деле даяр. Анткени буга чейин деле болгон. Өзүңүз билесиз ноябрь митингдерден кийин Кулов дискетгейт деп ошонун үстүндө кугунтуктоо бир саясатка өткөрөйүн деген аракеттер болгон. Ошондой уланып кетиши дагы азыр ыктымал.

- Бакиев ошого жол береби, ошондой күчтөрдүн куугунтуктоо аракеттерине?

- Бериши мүмкүн. Анткени тиешелүү адамдар укук коргоо органдарын жетектегендер дагы ошондой кадамга түртүшү мүмкүн. Бирок ишене турган дагы кабар турат. Мисалы мен бир саат мурун Болот Ногойбаевдин интервьюсунда окудум, ал айтты бул жеңиш деп эсептегенге мүмкүн эмес, анткени бул жерде элибиз турат. Эгерде ушуну кимдир бирөө жеңиш десе бул жаңылыштык деп. Эгерде ушундай философияны ушундай көз караштын негизинде иш жүргүзсө, анда албетте катуу репрессияларга барбайт. Бирок, басым жасап туруп, анан өзүнчө оппозициянын ресурстарын өтө төмөн абалга жеткирүү аракеттер болот. Ал башталбадыбы.

- Бакыт мырза, оппозициянын өкүлү, депутат Кубат Байболов азыркы митинг токтотулат, бирок биз митингдерден бийликке таасир этүүнүн формасы катары баш тартпайбыз деди. Эл ушинтип нааразылыгын билдирип чыгат, бийлик аны таркатат, анан кайра башынан, ушундай жагдай канчага чейин созулушу мүмкүн, туңгуюктан чыгуунун жолу барбы деги?

- Бар. Ошол митингдерди өтө каралап, терс кабыл алган да туура эмес. Анткени бул демоктартиянын колдоно турган бир инструменти. Эгерде тынч, жакшы өткөрүлсө мындан эч бир корко турган деле жер жок. Качан бул токтолот? Кыргызстанда чыныгы таза жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштей турган бийлик болсо. Анткени жөнөкөй эле мисал келтирейин, кечээ эле бир топ жаштар менен жолуктум. Алар эң иштей турган жашта экен. Булардын бир эле ою биз кетебиз деп атат. Россия тарапка жолго чыгыптыр. Ошолорду көрүп өкүндүм, анан сурадым, эмне үчүн кетип атасыңар деп, эч иш болбой жатат, тажап кеттик деди. Ошондойлор азыр абдан көп. Ошондуктан таза, жаңы, уурулукка жол бербеген, коррупция менен чыныгы күрөштү жүргүзгөн, патриоттук профессионалдуу бийлик болмоюнча Кыргызстанда бул улана берет.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG