Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин ырасташынча, Кыргызстандын экономикасы абдан начар абалда турат. Ошондой эле ал экономиканы көтөрүш үчүн парламент да чоң салым кошуп, бир катар мыйзамдарды кабыл алып бериши зарылдыгын баса белгиледи. «Экономиканы көтөрсө болот. Ага өкмөт эле эмес парламент да өз салымын кошуп, бир катар мыйзамдарды кабыл алып бериши керек»,- дейт А.Атамбаев.(IJz)