Мындай пикирин укук коргоочу Бириккен фронттун активисти Адилет Айтикеевдин камакка алышы, укук коргоочу Чолпон Жакупованы опузалоо өңдүү фактылар менен байланыштырды. Бул аркылуу эски бийликтин катасын Улуттук коопсуздук кызматы кайра кайталап жатат. Мындан арылуу үчүн президент Курманбек Бакиев Конституциялык реформаны аягына чыгаруу максатын көздөп, тез арада конструктивдүү диологго барышы керек, дейт укук коргоочу. (BuS)