Тасмада жалпысынан кыркка чукул актер катышат. Алардын көпчүлүгү тажрыйбасы жок жаш артистер. Мисалы баш каарман Асеманын ролун улуттук университеттин студенткасы Асема Токтобекова жаратты. Кинорежиссер Эрнист Абдыжапаров тасманын баш каарманы тууралуу мындай деди:
- Асема фильмге биринчи жолу тартылып жатса да чыгармачыл топту көп кыйнаган жок, тескерисинче фильмди тартуу учурунда өзүнүн идеяларын айтып чоң салым кошту.
Фильмди тартуу үчүн "Ой-Арт" компаниясы менен келишим түзүлгөндүктөн, аталган каражат булактарын тапкан. Аталган компаниянын жетекчиси Алтынай Койчуманова билдиргендей фильмди жаратууга болжол менен 200 миң доллар жумшалган. Ошондой эле ал тасма тартыла электе эле сценарийи менен Түштүк Кореяда өткөн кинофестивалга катышып, мыкты долбоорлордун катарына киргендигин, эми алдыда Канн эл аралык кинофестивалында көрүүчүлөрдүн сынына койулаарын кабарлады.
Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде сүрөтчү Сүйүтбек Төрөбековдун жеке көргөзмөсү өттү. Анда жалпысынан сексенден ашык сүрөт коюлган. Анын ичинде пейзаждар, портреттер жана этюддар бар. Сүрөтчүнүн чыгармачылыгынын негизги өзөгүн портрет жанры болгондуктан , көпчүлүк эмгектеринин өзүнүн жакындарынын, белгилүү инсандардын элестери түшүрүлгөн портреттер түзөт. Мисалы Сабира Күмүшалиева, Омор Султанов, Роза Отунбаева жана башка бир катар белгилүү адамдардын сүрөттөрү. Ал эми Сүйүтбек Төрөбеков эмгектеринин ичинен мыкты тартылган сүрөт деп белгилүү киноишмер Сүймөнкул Чокморовдун портретин эсептейт. Бул эмгек учурда Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде илинип турат.
Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театры бул жумада “Аксы окуясы же Боспиектеги караан түн” аттуу спектаклин көрсөтүштү. Спектаклде Үркүн окуясынан баштап ушул күнгө чейинки болуп өткөн окуялар сүрөттөлүп олтуруп, аягында бир үй-бүлө аркылуу бүткүл Аксы окуясы чагылдырылат. Бул спектакль белгилүү драматург Жаныш Кулмамбетовдун пьесасынын негизинде коюлду. Драматургдун айтымында чыгарма ички муктаждыктан жазылган пьеса.