БИШКЕК. Депутат Муратбек Мукашев бүгүнкү парламент жыйыны маалында 19-апрелден жыйырмасына оогон түнү премьер-министр А.Атамбаевдин Алатоо аянтында пресс-конференция учурунда айткан сөздөрүн сынга алды. «Мен 1961-жылдан берки премьер-министрлерди билем, бирок «козел, баран, блин, хрен» деп айткан бир дагы өкмөт башчыны эстей албай турам», деди. Депутат М.Мукашев 19-апрелде болгон окуяны мамлекет калыс иликтейт деген ишенимде. «Саясий куугунтук болбошу керек», деди М.Мукашев.