Мындай билдирүү менен бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков чыкты. Анын маалыматы боюнча, министрликте 3 миңдей офицер, 3 миңдей катардагы аскер бар. Коргоо министрлигине бөлүнгөн бюджеттик каражаттын көпчүлүгү офицер, генералдарга айлык катары кетүүдө. Министрликте ошондой эле жек-жааттарга кызмат берүү адатка айланууда. Бирок депутат Камчыбек Ташиев коргоо министрлигинде аскерлерге көрүлүп жаткан камкордуктарды жогору баалады. (AiT)