Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:48

13:15 Абдыганы Эркебаев: Кыргызстан апрелдин башында жарандык согушка жетпей аз калды


Кыргыз парламентинин мурунку спикери Абдыганы Эркебаев 5-19-апрелде Кыргызстан аймактык кагылышуунун жана жарандык согуштун аренасы болбой аз жерден калды деп билдирди. Анын айтымында, президент К. Бакиев кысымга туш болуп, оппозициянын айрым талаптарын аткарды, бирок бул чечимдер кечигип жасалды жана кырдаалга төп келбей калды. Ошол эле учурда оппозиция дагы президенттин отставкасы, чукул президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө Конституцияга сыйбаган радикалдуу талаптары менен кырдаалды курчутту. Бирок оппозициянын чыныгы конституциялык реформа жүргүзүү жөнүндө талабы акыйкат жана жөндүү чечим болчу. Абдыганы Эркебаев бул жөнүндө ой-пикирин бүгүн АКИпресс агенттигинде болгон маалымат жыйынында билдирди.(KCh)

XS
SM
MD
LG