Симпозиумда өлкөнүн эгемендүү жылдарында туруктуу билим берүү системасы калыптана алдыбы деген суроо көтөрүлөт, аталган тармактын кечээкиси, азыркы абалы жана келечеги талкууланат. 15-майга белгиленген илимий кеңешмени “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар кору менен билим берүү жана илим министрлиги уюштуруп жатат. “Ыйык Ата Журт” корунун өкүлү Нурлан Ажиевдин маалымдашынча, жыйындын соңунда анда айтылган сунуш пикирлер китепче жана компакт диск түрүндө чыгарылып билим мекемелерине таратылмакчы. (EBM)