Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

16:52 Бейөкмөт уюмдар аймак аралык кайраштырууну токтотууга чакырышат


Бир катар бейөкмөт уюмдар бүгүн таркаткан кайрылууда айрым оппозиция өкүлдөрүнөн "митингичилерди түштүктөн чакырылган милиция күчтөрү кууп таркатты" деп аймак аралык кайраштырган сөздөрдү токтотууну талап кылып жатышканы айтылат. «Мындай жоопкерчиликсиз сөздөр Кыргыз Республикасындагы тынчтык менен коомдук коопсуздукка коркунуч туудурат»,-деп баса белгиленет кайрылууда. Жарандык коом өкүлдөрү бийлик менен оппозицияны Конституциянын бирдиктүү жана макулдашылган долбоорун иштеп чыгуу үчүн макулдашуу комиссиясын түзүүгө чакырышкан. Мындай үндөөгө Социалдык технологиялар агенттиги, «Атуулдар коррупцияга каршы» укук коргоо борбору, «Тянь-Шань балдары», «Психикалык саламаттык жана коом», «Кел-кел-Кайра жаралуу» коомдук бирикмелери, Бейөкмөт уюмдар ассоциациясы жана башкалар, баардыгы 15 уюм кол койгон. (KCh)_

XS
SM
MD
LG