Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

17:05 Түнкү сел Жалалабат облусунда бир жарандын өмүрүн алды


Дүйшөмбүгө караган түнү облустун Сузак, Базаркоргон, Ноокен, Аксы райондорунда катуу нөшөрдөн кийин сел жүрдү. Базаркоргон районунда суу ташкын Неш айыл өкмөтүнүн тургуну Салтанат Тешебаеваны агызып кетти. 52 жаштагы аялдын сөөгү Караүнкүр дарыясынын көмөкчү көпүрөсүнөн табылды. Мындай маалымат Чукул кырдаал министрлигинин облустагы бөлүмүнөн алынды. Министрликтин маалыматы боюнча облустун 2 миң гектар эгин аянты менен 700 дөн ашык үйдү сел баскан. Базаркоргон районунда жети үй кыйроо абалына туш болгон. Сузак районунда селден жабыр тарткандар сууга аккан төрт кишини куткарып калышкан, 30-35 майда жана ири жандыгы менен баалуу үй-мүлктөрүнөн ажырашкан. (YA)

XS
SM
MD
LG