Алар мындай кайрылуу менен бүгүн чыгышты. Арасында “Атуулдар коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюму бар жыйырмага жакын уюмдун кайрылуусунда бийлик менен оппозициянын ортосундагы эрегишүүнүн күчөшүнө тынчсыздануу билдирилип, ачык сүйлөшүүлөр менен маселени чечүүгө үндөө айтылган. Өкмөттүк эмес уюмдар ошондой эле конституциялык реформаны эл да талкуулоого тийиш деген пикирде. (AiT)
17:54 Өкмөттүк эмес уюмдар бийлик менен оппозицияны конституциялык реформа боюнча макулдашуу комиссиясын түзүүгө чакырат