Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:09

7:00 Кемин райсоту Бермет Акаеванын талапкерлигин шайлоодон четтетүү боюнча арызды канааттандырган жок


Бул арызды караган сот иши кечээ эртең менен башталып, чечим бүгүн түнкү төрттө угузулду. Сот чечими кечиккендиктен бул арада Бермет Акаеванын тарапкерлери сот имаратын курчап, тартип коргоо органдары менен элдин ортосунда кагылышуу чыгып кете жаздады. Мындан сырткары экс-президенттин кызынын жактоочулары Бишкек-Торугарт жолун эки жолу жаап ачышты. Кемин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бермет Акаеванын атаандаштары аны мыйзам бузууларга барды деп, шайлоодон четтетүү арызы менен сотко кайрылышкан. (SM)

XS
SM
MD
LG