Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

8:34 «Агым» гезити убактылуу чыкпай турат


Гезиттин кезектеги саны бүгүн жарыкка чыгышы керек эле, бирок өткөн жума күнкү окуяга байланыштуу мыйзамдык териштирүүлөр аяктаганча редакция басылманы чыгарбай турууну чечти. Гезиттин өткөн жума күнү жарыкка чыкчу санынын бардык нускасы улуттук коопсуздук кызматынын тергөөчүсүнүн чечими менен басмаканадан камакка алынган болчу. Бул тууралуу «Азаттыкка» гезиттин баш редакторунун орун басары Айнагүл Сапарбекова билдирди. Ал ошондой эле гезит редакторунун дагы бир орун басары Асланбек Сартбаевди кечээ кечинде премьер-министр Алмаз Атамбаев кабыл алып, басылманын тегерегиндеги кырдаал боюнча маалымат алганын билдирди. (SM)

XS
SM
MD
LG