Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

ЖАЛАЛАБАТ: ТҮНКҮ СЕЛ ТҮМӨН ТҮЙШҮК, ЗЫЯН АЛЫП КЕЛДИ


Жалалабат облусунда 23-апрелге караган түнү нөшөрлөгөн жаандын айынан жер-жерлерде сел жүрдү. Суу ташкындын айынан облуста 700дөн ашык үй менен 2 миң гектар эгин аянттарын сел каптап, бир аял өлүп, 7 үй жарактан чыкты. Эксперттердин оюнда эски канал-арыктар тазаланбагандыгынан улам сел улам кайталанып, көпчүлүк жабыр тартууда. Эки баскычтуу бюджеттин айынан каражатсыз калган облус табият кырсыктарынан жапа тарткандарга дароо жардам бере албай келатат.

УТРКнын облустагы кабарчысы Бактыкан Ажымаматованын байкашынча, Сузак районундагы Кызылтуу айыл өкмөтүндө эски канал-арыктар тазаланбагандыктан сел жыл сайын кайталанат. 23-апрель түнү жүргөн суу ташкындан жабыркагандар турак-жай курууга жерге жана өкмөттүк жардамга муктаж. Базаркоргон районунда болгон сел Кеңеш айыл өкмөтүнүн Суубашы айылында 52-жаштагы Салтанат Тешебаева аттуу аялдын өмүрүн алып кеткен. Аялдын сөөгү Караүңкүр дарыясынын көпүрөсүнөн табылган:

- Сел арыктан ашып өтүп элди басып калып атат. Эгерде 2005-жылдагы кырсыкты биздин жетекчилер эске алып, сел арыкты элдик ашар жолу менен болсо да тазалап койгондо, бүгүнкү сел кырсыгы болбойт болчу. Акчаны жарым-жартылай алгандары үйлөрүн ушул күнгө чейин бүтүрө албай жүргөндөр бар. Ал жердеги эл айтып атат, бизге коркунучсуз жерлерден жер участогун берсин деп. Базаркоргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн Суубашы айылынын туругуну Тешебаева Салтанат деген аял короосун тосом деп атып, катуу агым сууга агып кеткен.

Селдин айынан облуста 2 миң гектар эгин аянты менен 700дөн ашык үйдү суу каптап, 7 үй жарактан чыкты. Капыстан жүргөн үйлөр Кызылтуу айыл өкмөтүнүн тургуну Токтосун Жойболотовду агызып баратканда, ал өрүк дарагына жармашып, аман калган. Бут-сандары көгала болуп, жылаңаяк калган кишиден дүйшөмбү күнү эч ким кабар алган эмес:

- Машине менен бараткам. Дарбазаны зорго ачтым, ачкандан кийин машинени суу агызып барып столбага такады. Аны чыгарам деп аракет кылсам мени да суу агызып кетти. Эки ачалуу өрүктү кармап калдым.

Айыл өкмөттүн Ортоазия айылынын тургуну Ырыс Мадраимова үй-жайы менен баалуу мүлктөрүнөн ажыраган. Үй-бүлөсүн мейманга келген адамдар куткарган:

- Менин үйүмө бир жарым бийиктикте суу кирди. 4 малым өлдү, эки “Волгам”, бир “Жигулим” агып кетти. Ошондой эле үйүм жараксыз болду. Кийим-кечем, эч нерсем калган жок. Ушул саатка чейин окуучуларды бөлгөн экен, эшикти тазалап атышат. Тамак-аш калган жок.

Жергиликтүү мектептин окуучулары Ортоазия айылындагы үй-короолорго толгон сууну чакалап ташып, жарбыр тарткандарга жардамдашты.

Облустук бийликтин бөлүм башчысы Ажимамат Исаевдин айтымында эки баскычтуу бюджеттин айынан облуста табият кырсыктарынан жабыр тарткандарга берчү каражат жок, суу сордуруучу жабдуулар жетишсиз. 1998-жылдан бери табият кырсыгынан жабыр тартып, жардам алчулардын тизмесинде 742 адам турат. Бирок, алар менен жаңыдан жабыркагандарга өкмөттөн насыя акча берүү маселеси татаал бойдон калууда:

- Ссуданын тизмеси абдан чоң. 742 үй-бүлөгө 200 миңден бере турган болсок 200 миллионго жакын акча беришибиз керек болуп калат. Андай каражат жок. Бюджет андай мүмкүнчүлүктү көтөрө албайт. Азыр үйлөргө суу кирип атпайбы, ошол селди сордуруп алып чыгыш өтө орчундуу маселе болуп турат. Себеби бизде атайын техникалар жок. Биз коммуналдык чарба дегенди жоготуп алганбыз да, - деп айтты Ажимамат Исаев.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG