Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:13

Батыш Европага салыштырмалуу Шериктешик өлкөлөрүндөгү автокырсыктарда 10 эсе көп адам өмүрү кыйылат


Бул тууралуу БУУнун экономикалык комиссиясынын транспорт бөлүмүнүн башчысы Хосе Капель Феррер билдирди. Анын айтымында, Батыш Европа өлкөлөрүндө катталган бир миллион автоунаага жылына 135 адам өлүмү туш келет. Чыгыш Европа жана КМШ аймагында болсо бир миллион автомашинага жылына автокырсыктын азабынан 1300 адамдын өмүрү кыйылат. Эң чоң көрсөткүч Кыргызстанга таандык. Бир миллион автоунаага - жылына 4100 өлүм туш келет.

Жаннат Токтосунова, Прага

XS
SM
MD
LG