Ирандык “Аль-Алам” телеканалы маалымдагандай, Ахмадинежад Буш менен эки өлкө аралык мамилелерди да, айрым эл аралык проблемаларды да талкуулоого даяр экенин билдирди. Иран президенти сүйлөшүүлөр маалымат каражаттары үчүн ачык болуусун кааларын кошумчалады. Расмий Вашингтондун өкүлү Гордон Жондро Тегеран Ак Үй менен сүйлөшүүнү кааласа, эл аралык коомчулуктун уранды байытууну токтотуу талабын аткаруусу керек деп жооп берди. Жондро Ахмадинежаддын Буш менен жолугушуу сунушун “маалымат каражаттары үчүн коюлган спектакль” деп атады.
Иран президенти Махмуд Ахмадинежад АКШ президенти Жорж Буш менен сүйлөшүүгө даяр экенин айтты