Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 06:09

11:48 Жамин Акималиев: Айыл чарбасына эл аралык уюмдардан 500 миллион доллар алынган


Эл аралык каржы уюмдардын Кыргызстан алган 2 миллиард АКШ долларынын дээрлик 25 пайызы же 500 миллион доллары агрардык тармактарга бөлүнгөн, деп ырастайт Кыргызстан дыйканчылык илим-изилдөө институтунун башкы деректири, академик Жамин Акималиев. Анын айтымында, мынча каражаттын кумга сиңген суудай жоголуп, эч натыйжа бербеген себеби - ал акчалардын теңине жакынын эл аралык каржы уюмдары кайра өздөрү жеп койгон. Окумуштуунун эсеби боюнча, азыркы күндө өлкөнүн улуттук дүң кирешесинин 45 пайызын айыл чарба тармагы берүүдө. Бирок Президент Курманбек Бакиевдин бийлиги айыл чарбасына жакшы көнүл бөлбөй жатат. “Биз А. Акаевдин учурундагы агрардык саясат менен эле жүрөбүз”,-дейт Жамин Акималиев. (KUs)

XS
SM
MD
LG