Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:04

13:56 Кемин райондук соту Бермет Акаеваны шайлоодон четтеткен чечим кабыл алды


Кемин райондук соту экс-президент Аскар Акаевдин тун кызы Бермет Акаеваны шайлоочуларга акча таратты деп айыптаган эки талапкердин арызы боюнча ушундай чечим кабыл алды. Бул кабарды маалымат каражаттарына Кеминден жаңы эле кайтып келген укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова билдирди. Бул маалыматты Бермет Акаеванын адвокаты Канышай да ырастады. Сот бул ишти кечээ түнү бою карап таңга маал Бермет Акаеваны актаган чечим чыгарган. Бермет Акаеванын таламын талашып эки миңдей адам соттун эшигинин алдында турган. Айрым маалыматтарга караганда, сот кысым алдында калганын белгилеп, биринчи чыгарган чечимин жокко чыгарып, башка чечим кабыл алган. (KCh)

XS
SM
MD
LG