Алар Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге кысым көрсөтүлүүдө деп, акимчиликтин алдына келип, мыйзамдуулукту талап кылышууда. Бул тууралуу Токтогулдан Анарбек Койчубаев билдирди. Маалыматка караганда, келген элдин ичинен делегация шайланып, алар акимдин орун басары менен жолугушууга кирип кетти. Ал эми акимдин өзү айылдарда кыдырууда жүргөндүктөн жумуш ордунда болгон эмес. 23-апрелде ички иштер министрлигинин кызматкерлери «Неман фарм» компаниясына келишип, финансылык документтерди алып кетишкен. Бул фирманын депутат Артыкбаевге тиешеси бар экендиги кабарланган. (AiT)