Бул тууралуу анын адвокаты Галина Скрипкина бүгүн билдирди. Анын айтымына караганда, Кемин райондук соту маселени 24-апрелде Бермет Акаеванын пайдасына чечкен. Бирок райондук прокуратура ага нааразылык билдирип, Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Эми маселени Жогорку Сот карайт, деп белгиледи Скрипкина. Кемин шайлоо округу боюнча Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкер Бермет Акаеваны анын атаандаштары мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоо компаниясынан четтетүүнү талап кылып, сотко кайрылган. Райондук ишти бүгүн карап, маселени Бермет Акаеванын пайдасына чечкен. (AiT)