Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 07:55

17:08 Базаркоргон районунда селден жабыр тарткандар мамлекеттик органдарга нааразы


Райондун Бешикжон айыл өкмөтүндөгү Карача мектебинин жанына чогулган элүүдөн ашык адам суу ташкындан кийин чукул кырдаал кызматы кабар албаганына капа болушту.Тармактык кызмат эки күн өтсө да, жабыркаган үй-жайлардын абалын көрө элек жана чыгымдарын эсептеген жок. Жабырлануучулар өз муктаждыктарын сел жүргөн айылдарды кыдырган “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрүнө айтышты. Бул тууралу депутат Ө. Текебаевдин Базаркоргондогу жардамчысы Кубат Артыков билдирди. Анын айтымында, Карача айлында 38 үйгө суу кирип, айрымдары жараксыз болду. Тармактык министрликтин бөлүмүнүн маалыматында айылда 17 үйдү суу каптаган жана районго эрте менен чукул кырдаал кызматкерлери жиберилген.( YA)

XS
SM
MD
LG