Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

17:51 Бишкекте БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын аймактык кеңсеси ачылат


Бул маселе бүгүн президент Курманбек Бакиев менен БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Луиза Арбур менен жолугушуусунда талкуулады. Кыргыз тарап комиссарлыктын Борбор Азия боюнча кеңсесинин Бишкекте ачылышына колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди. Луиза Арбур жолугушууда 400 ашуун өзбек качкындарынын Кыргызстанда корголоосуна мүмкүнчүлүк берилгенине ыраазылык билдирип, бирок Кыргызстандагы акыркы окуялар боюнча пикирин айткан эмес. Президент Курманбек Бакиев бул окуялар боюнча сөз козгоп, оппозиция 9 күндүк митинги учурунда жолдорду тосуу, үнү катуу аппаратуларды коюу жана башка аракеттери менен башка адамдардын укуктарын бузууга барды. Мына ошондуктан бийлик күч колдонууга аргасыз болду, деп белгилеген. Луиза Арбур өз кезегинде Кыргызстанда митинг, пикеттердин эркин өтүүсүн жогору баалаган. Бул тууралуу жолугушууга катышкан президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG