Өмүрбек Субаналиевди колдогон жүзгө жакын адам Карабуура райондук администрация алдына топтолушту. Алар бийлик Өмүрбек Субаналиевди бошотпосо башка радикалдуу иштерди жасашаарын, тагыраак айтканда Талас-Бишкек жолун тосушаарын катуу кыйкырыктар менен айтып жатышты. Митингде 19-апрелде Бишкекте Алатоо аянтында бийлик элди кетирүүдө өтө орой мамиле жасашкан. Адамдарды итке талаткан фактылар да болду деп айтышууда. Митингчилер менен райондун акими Шадыбек Жуманалиев чыгып жолугушуп, элдин өтүнүчүн жана бул кырдаалды өкмөт башчыларына билдире тургандыгын айтты. (UA)