Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:01

АРМЯН КЫРГЫНЫ БОЛГОН КҮН БЕЛГИЛЕНДИ


24-апрелде дүйнө армяндары ата-бабаларынын кыргынга учуратылышынынын 92- жылын белгилешти. Армяндар бул окуяны геноцид деп эсептешет, ал эми түрктөр болсо армяндарды өлтүрүү орун алганы менен мындай кадамга түрк-осмон империясын ошол кездеги тарыхый шарттар мажбур кылган, дешет. Түркия менен Армениянын ортосундагы талаш эки өлкөнүн мамилелерине көлөкө түшүрүп келаткан орчундуу маселелерди бири.

1915-жылдын 24-апрелинде армяндарга кыргын салынганынан кабары жок армяндар жок чыгар. Кайсы армяндан сурабагын бул күнү элибиздин башына карангы түн түшүп, бүтүндөй эл Түрк-Осмон Империясынын канкор саясатынын курмандыгы болгон, деп айтат.

Түрктөрдөн сурай келсең, 1915-жылкы кандуу окуяларды айрымдары эле төгүнгө чыгарбаса, көбү мойнуна алат. Ошентсе да кыргынды холокост менен бир катарга койуп, салыштарган түрктөрдү табуу кыйын. Көпчүлүк түрк интеллектуалдар менен саясий аналитиктер армяндарга каршы күч колдонууга ошол кездеги тарыхый окуялар мажбурлаган, деп эсептешет. Түрктөрдүн көз карашында, Түрк-Осмон Империясынын курамындагы армяндар Россиянын жардамына таянып, азыркы Түркиянын чыгыш Анадолу чөлкөмүндө эгемен армян мамлекетин түзүүгө аракеттенген. Ал эми Түркияны Россия, Британия жана Франция өңдүү душмандарга жедирип ийбес үчүн Түрк Осмон Империясы согушкер армяндарга каршы күч колдонууга мажбур болгон, дешет түрк тарыхчылары. Ошону менен бирге эле алар армяндар динине жана расасына байланыштуу куугунтукка алынган, деген айыптоолорду жууткусу жок. Алардын айтымында, армяндарга "түрк мамлекетине чыккынчылык кылганы үчүн" күч колдонулган. Эки ортодогу кагылыштарда түрктөрдөн да көп киши курман болгон, дешет алар.

Бул жерден интеллектуалдар менен аналитиктердин бул пикири расмий түрк позициясы менен төп келе бербей турганын белгилей кетели. Түрк өкмөтү 1915-жылдагы окуяларды массалык кырган салуу жана геноцид деп эсептөөдөн баш тартып келатат. Маселени ачык көтөрүп, кыргында бир миллион армян жок кылынган, деп жазып чыккан түрк жазуучусу Орфан Памукка, ал тургай, "түрк элине шек келтирди" деген айып тагылып, кийин кайра алынып салынган.

301-статьянын Кылмыштар Кодексинен алынып салынуусуна теги армян, түрк журналисти Хрант Диңктин да киши колдуу өлүмү жана ага байланыштуу чыккан демонстрациялар да таасир эте алган жок. Түркияга шек келтирүү азыр да кылмыш болуп эсептелет.

Түркия кошуна Арменияны тарых беттерин кайра барактап, өткөн кылымдагы окуяларды ашыкпай, тыкандык менен изилдеп чыгууга үндөп жатат. Бирок буга Армения макул эмес. Ошентип, 1915- жылы анадолулук армяндарга салынган кыргын андан дээрлик бир кылым өткөндөн кийин да танапташ эки өлкөнүн мамилесине көлөкө түшүрүп жатат.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG