Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

«ФЕЛИКСТЕ КЫЙРАТКЫЧ ЭНЕРГИЯ КҮЧТҮҮ»


«Кыргыз руху»

«Кыргыз руху» гезити «19-апрель, митинг, милиция...» деген тема алдында ошол күнкү окуянын жүрүшүнөн репортаж беришти. Окуянын чордонунда жүргөн Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчиси Молдомуса Конгантиев бул окуяны: «Ак үйдүн алдындагы кагылышуу-милиция кызматкерлерине каршы атайын жасалган провокация, чагым» десе, «Бириккен фронттун» лидери Феликс Кулов: «демонстранттарды кууп таратуу боюнча «акылсыз» акциянын жоопкерчилиги бийликтин мойнунда» дейт.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдакы элчиси Равшан Жээнбеков: «Акаев да мынчалыкка жеткен эмес. Бакиев реформага бара турган болсо, эки жылдын ичинде бармак. Менимче, Курманбек Бакиев эки жылдын ичинде президент катары калыптанган жок», дейт «Кыргыз руху» гезитине берген маегинде.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдакы орун басары Алик Орозов да «Курманбек Бакиевде командасы жок, бирок, кеңешчилери жетиштүү... Кеңешчилеринин айткандарын уга берип, башы маң болуп, улам бир буйругун чыгарып, кайра кайтарып алып, өлкөнү башкарууну колдоп чыгарып жиберип жатат. Бардык жамандыктардын башаты мына ушунда», дейт Алик Орозов.


«Кыргыз туусу»

Коомчулукта Баш мыйзамды кабыл алууда эки ача, кайчы пикир жаралды. Бир тарап парламент кабыл алсын дешсе, экинчи тарап элдик референдумга алып чыгуу маселесин көтөрүүдө. Бүгүнкү «Кыргыз туусу» гезити бул боюнча атуулдардын түрдүү пикирлерин жарыялады. Кеминдик Мукай Абдыкеримов: «Баш мыйзамды саясий оюнга айландырбай, митинг өткөрүп элдин тынчын албай, парламент кабыл алып берсе жакшы болмок», дейт. Ал эми Бишкектик куруучу Ишен Самсалиев: «Конституциянын шылтоосу менен папке талашып, элди экиге бөлүп коюшканын айтып, Баш мыйзамды элдик референдумга чыгарууну колдойм» деген пикирин айткан.

Кабарчы Бакай Чилтегин 19-апрелдеги окуяларды талдоого алып, оппозицияга сабак болоорун жазат. «Бириккен фрончулар» ультиматумдук талаптары, сүйлөшүүлөргө баргылары келбегени менен коомчулуктун басымдуу бөлүгүн өздөрүнө каршы коюп, өздөрүн кайра чыгалгыз туңгуюкка камап алышкан болушчу» деп жазат.

«Тынчтык, биримдик кыймылынын» мүчөсү Дүйшөгул Жусупов пикет бизнеске айланганын айтуу менен митингде боз үйлөрүн тиккен айрым атуулдарга оппозиция лидерлери аренда акысын беришпей, боз үйлөрүнүн түндүк, ууктары сынып жараксыз болуп калганын баяндайт.




«Эркин тоо»

«Кыргыз-казак бир элбиз жуурулушкан, кылымдарга достукту туу кылышкан» деген ыр саптарын баш сөз кылуу менен 25-апрелде болуучу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстанга жасай турган расмий иш сапары, достук, экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоого өбөлгө болоорун баяндайт.

«МСН»

«Жаздын кооптуу ирмемдери» деп 19-апрелдеги окуяларды талдоого алышкан. «19-апрель күнү кечинде Алатоо аянтында жайгашкан Куловдук лагер өз жашоосун токтотту». «Оттуу суудан» ичип алышкан жаалданган митингчилерди милиция чилдей таратты» деп жазуу менен журналист Дарья Малеванная окуянын башкы күнөөкөрү катары Феликс Куловду айыптайт.

“-Феликсте талкалап, кыйраткыч энергия күчтүү. Ал өзүндө карама-каршылык, жат нерсени алып жүрөт. Оппозициянын бөлүнүп жарылышына ал себепкер болду” деген пикирин «МСН» гезити аркылуу парламент депутаты Дооронбек Садырбаев билдирген.

Ушул «МСН» гезити өкмөт башчысы Алмаз Атамбаевдин 19-апрелде түндөсү Алатоо аянтындагы пресс-конференциясынын ийне-жибине чейин жарыялашканы менен анын 3-4 ирет тилденгенин жымсалдап коюшкан.
XS
SM
MD
LG