Бермет Акаеванын адвокаты Галина Скрипкина кечээ «Азаттыкка» бул ишти Жогорку сот бүгүн караарын билдирген. Бирок адвокат бүгүн эртең менен тиешелүү документтер түшө электигине байланыштуу Жогорку сот бул маселени качан карашы белгисиз экенин кабарлады. Кемин райондук соту кечээ адегенде Бермет Акаеванын талапкерлигин шайлоодон четтетүү боюнча атаандаштарынын доо арызын канааттандырган эмес. Бирок кийинчерээк сот алгачкы чечимин жокко чыгарып, аны шайлоодон четтеткен чечим чыгарган. Кемин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бермет Акаеванын атаандаштары аны мыйзам бузууларга барды деп, шайлоодон четтетүү арызы менен сотко кайрылышкан болчу.(SM)
7:00 Жогорку сот Бермет Акаеванын талапкерлигине байланышкан маселени качан караары белгисиз