Президент Нурсултан Назарбаев расмий сапар менен Бишкекке бүгүн кечинде келиши күтүлүп жатканын кыргыз президентинин маалымат кызматы кабарлады. Бүгүн эки өлкө президенттери бейрасмий түрдө жолугушмакчы. Сапардын расмий бөлүгү эртең башталып, анда эки тараптуу кызматташтык боюнча бир катар келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө. (SM)