Бул өлкөнүн иммиграциялык кызматы кечээ өзүн Кыргызстандын мылтык атуучулар командасынын мүчөсү катары тааныштырган аялды кармап, аны менен чогуу барган дагы 18 жалган спортчуну издөөдө. Алар Эл аралык мылтык атуу федерациясы уюуштуруп жаткан мелдештерге катышуу шылтоосу менен өлкөгө кирип, көп узабай жоголуп кеткен. Изилдей келгенде табылбай жаткан кыргыз жарандарынын спортко эч кандай тиешеси жок болуп чыкты. Мындай маалымат ТИМ аркылуу Кыргызстандын дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине да түшкөнүн «Азаттыкка» аталган агенттиктин башчысынын орун басары Алмаз Касенов бүгүн эртең менен билдирди. Анын айтымында, маалыматта алар спорттун ыргытылган бута атуу (стенговая стрельба) боюнча мелдешке барганы айтылган. Алмаз Касенов Кыргызстанда азыр ок атуунун бул түрү боюнча эч кандай команда жоктугун, мындай команда жоюлуп кеткенине бир канча жыл болгонун кошумчалады. Учурда алардын Түштүк Кореяга ким аркылуу жөнөтүлгөнү иликтенүүдө. (SM)