Жыйында эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылы 362,2 млн. долларды түзгөндүгү, Казакстан Кыргызстанга 400 млн. АКШ долларын инвестициялаганы айтылды. Ошондой эле анда каралган он төрт маселе жана өкмөттөр аралык бешинчи жыйындын токтомунун аткарылышы талкууланып, айрым маселелерди чечүү эки тараптын тиешелүү мекемелерине тапшырылды.
Бул тууралуу Экономиканы өнүктүрүү жана соода министри Сабырбек Молдокулов “Азаттыкка” буларды билдирди.
«Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы маселелер каралды. Суу-энергетикадан тышкары транспорт, экология, туризм, маданий байланыштар. Айыл чарба, Ысыкөлдөгү пансионаттардын маселелери каралды. Бүгүн биз белгилеп кеттик кыргыз-казак ортосундагы соода-экономика байланышында эч кандай саясий проблемалар жок. Бирок айрым субьектилерде суу-энергетика, отун, миграция кызматтарынын ортосунда чечиле элек майда маселелер бар. Ал маселелерди чечүүнү эки тараптын тиешелүү мекемелерине тапшырдык. Алардын аткарылышын өкмөттөр аралык кийинки жыйында карайбыз.»
Ал эми комиссиянын казак тарабынын башчысы, Энергетика жана минералдык ресурстар министри Бахтыкожо Измухамбетов «Азаттыктын» кабарчысына берген интервьюда газ маселеси толук чечилбегенин, бирок газ боюнча карызды Кыргызстандын мүмкүнчүлүгүнө жараша чечилерин билдирди.
Газга карыз боюнча Кыргызстанга акчалай төлө же анын ордуна бир нерсе бер деп шарт койгон жокпуз. Биз бир боор элбиз. Ошондуктан бул боюнча Кыргызстандын кандай мүмкүнчүлүгү бар. Ошол сунуштарга биз келишип атабыз,-деди Бахтыкожо Измухамбетов
Измухамбетов Кыргызстандан алынуучу электр кубатынын баасы тууралуу так маалымат берген жок. Тек гана базар экономикасында электр кубатынын, мунайзаттын баалары өйдө-төмөн болуп турарын белгиледи.
Ал эми жыл башында казак тарап сунуштаган 100 млн. доллар жеңилдетилген насыя берүү жогорку деңгээлде чечилгени менен экс-вице-премьер-министр Данияр Үсөнов кызматтан кеткенден кийин бул маселе токтоп калганын казак элчиси Умурзак Узбеков маалымдады. Экономика министри Сабырбек Молдокулов болсо бул насыя каражат боюнча долбоолор учурда дайындалып жатканын, май айында өтүүчү кыргыз-казак бизнес-форумунда сунушталарын айтты.
Миграция комитетинин башчысы Айгүл Рыскулова «Эмгек мигранттарынын укугун коргоо боюнча» кол коюлган 2006-жылы 4-июлдагы келишим кыргыз парламенти тарабынан ратификацияланганын, казак тарап алигиче бул маселени толук чечпегенин маалымдады. Рыскулова бул маселеге Казакстанда жеке ишкерлик кылышкан кыргыз атуулдарына убактылуу жашоо статусун берүүнү сунуштады.
«Нефтедрейлерлер» ассоцациясынын жетекчиси Базарбай Мамбетовдун айтымында, Чүй, Талас дарыяларын жана суу сактагычтарды пайдалануу төлөмдөрү, темир жол менен жүк ташууда бирдиктүү (тариф) баа өлчөмү, мунайзат боюнча казак президенти Назарбаевдин катышуусунда 2003-жылы кол коюлган келишимдерди казак тарап төрт айдан кийин жокко чыгарган.
Кыргызстандагы казак элчиси Умурзак Узбеков «Азаттыкка» Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин расмий иш сапарында беш маселе боюнча келишимдерге кол коюлушу күтүлүп жатканын айтты.
«Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин расмий иш сапарында эки мамлекет башчысынын маалымдамасы, мамлекет аралык кеңеш түзүүнүн эрежеси, кыргыз-казак чек ара аймактарында соода борборлорун куруу, туристтик визаларды берүүнү жеңилдетүү, маданият тармагындагы байланыштар боюнча эки тараптуу келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө, -деди Умурзак Узбеков.