Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 22:31

БАЗАРБАЙ МАМБЕТОВ: КАЗАКТАР КЫР КӨРСӨТҮП, КЕЛИШИМДЕРДИ АТКАРБАЙ КЕЛАТАТ


Бүгүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстанга расмий сапары башталууда. Аны утурлай бүгүн Бишкекте эки өлкөнүн кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болду. Кыргыз-казак алакалары тууралу "Азаттык" менен өкмөттүн мурдагы вице-премьер министри Базарбай Мамбетов ой бөлүштү.

- Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда өткөн жылдар аралыгында түрдүү багытта 160 дай келишимдер түзүлүптүр. Бирок кандай аткарылып жатканы башка маселе. Бул иретте жаңы келишимдерге кол коюлат. Казак компаниялары Кыргызстандагы бир нече ири ишканын кожоюну. Бирок алардын кандай жол менен менчиктештирилип кеткени дагы суроо жаратып келаткан маселе. Кыргызстандын Казакстан туристтерине, Казакстан Кыргызстандын суусу менен айыл чарба продукциясына муктаж. Эми бул эки өлкөнү бири-бирине байлап турган нерселерден. Келечекте Кыргызстан үчүн Казакстан менен кызматташтыкта кайсы нерселер приоритеттүү болуш керек?

- Кыргыз менен казак мамлекеттеринин ортосундагы мамилелер өтө эле жыргап кетти деп айта албайм. Биздин официалдуу органдар, тышкы иштер министрликтер протоколдук иштерин жасап кездешүү, жолугушуу, сүйлөшүү болсо эле ушул эле жакшы деген баа берип жүрүшөт. Бирок мен андай ойдо эмесмин. Эмнегедир Казакстан кийинки 2-3 жылдан бери бизде болуп жаткан убактылуу экономикалык кыйынчылыктарды колдонуп эмнегедир дайыма эле бизге аябай керектүү орчундуу сфералар боюнча, экономикалык дагы, саясий дагы басым көргөзгөндөй болуп турат. Биз Казсакстан менен 17 жылдан бери жер, суу маселесин, же электр энергиясын колдонуу боюнча, же биздин эмгек мигранттарынын акыбалдары жөнүндө, же темир жол тарифтерин бизге берүү боюнча, же бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун шарттары боюнча, Ош транзит боюнча, чегаралар боюнча көп-көп маселелер менен биз бир дагы кадамга алга жыла албадык.

- Ушунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Эмне дегенде мына азыр Нуракең визит менен келип атат, бүгүн эртең менен саат ондо мамлекет аралык эки тараптуу комиссиянын чогулушу башталат. Ошого мен дагы даярданып атам. Бул жерде Нуракең айтып жатат кыргыз эли менен эң жакын болуубуз керек, кыргыздар сураган нерселердин барына биз туура мамиле кылып чечип беришибиз керек дегенден кийин эле Казакстан министрлери, комитеттердин төрагалары эмнегедир чыкыйышып эле, “андай болбойт, мындай болбойт, биз рынок экономикасына өтүп кеткенбиз, рыноктун шарты менен алгыла, бергиле” деп эле ушундай мамиле кылып атат.

Эң орчундуу нерсе биз үч жыл мурун эле Казакстандан 350 миң тоннага чейин күйүүчү зат алчубуз, былтыр 2006-жылы болгону биз 80 миң тоннага жакын дизелдик май, анан бензин алдык. Ошентип отуруп Казакстан бүткүл бойдон өзүнүн рыногунан Кыргызстанды чыгарып койду. Биз Кыргызстан азыр 1 млн. тоннага чейин күйүүчү май алып келебиз, ошонун 890 миң тоннасын Россиядан алып келип атабыз.

- Жалпылап айтканда, Казакстан менен тыгыз экономикалык интеграция Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына төп келеби?

- Эгерде биз казактар менен тыгыз экономикалык интеграция кылсак, бизге деле, казактарга деле жакшы болот эле. Биз казактардын суроосу боюнча бүт эле биздин завод, фабрикалардын көбүн аларга убагында саттык. Ошого карабай биз менен туура мамиле кылбай атат деген ойдомун.

- Чыгыш жана Борбордук Европанын, Чехия Венгрия сыяктуу өлкөлөрүндө банк системасында чет элдик капитал үстөмдүк кылат экен. Казак банктары да Кыргызстанда көбөйүп атпайбы. Ага тынчсыздангандар да бар. Тынчсыздануу жүйөлүүбү?

- Тынчсызданып керек жок. Кыргызстандын банк системасын 70 пайызын казактын чыгаан жигиттери кармайт. Ысыккөлдө деле 80 пайыз казактар келип эс алат жайында. Башка да көп нерселер бар, Нарын, Сырдарья боюнча сууну буларга биз каалашынча берип атабыз жайында убагында. Чүй, Талас деген чоң дарыялар боюнча дагы казактарга каалаган көлөмдөгү сууну жайында берип атабыз. Бирок казактар жада калса Чүй, Талас эки дарыя боюнча 2000-жылы кол коюлган келишимди да аткарбай, ошол жердеги суу сактагычтардын жылга эксплуатациялык чыгымдары боюнча өзүнүн үлүшүн дагы төлөбөй, эмнегедир кыр көргөзгөнсүп турат, ошолор жөнүндө биз кечээ күнү да айттык, бүгүн да сөз болот, эмне болорун кечинде дагы сүйлөшөрбүз.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

Маектешкен Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG