ТЕГЕРАН. Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари эки күндүк визит менен Иранга келди. Зебари Ирандан биринчи майдан төртүнчү майга чейин Мисирде өтө турган эл аралык конференцияга катышуусун өтүнөт. Анда Ирактагы согушту токтотуу маселеси талкууланмакчы. Жыйынга Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү, Ирактын кошуна мамлекеттери жана экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышат. Иран конференцияга барар-барбасын айта элек.