Өкмөт үйүндө өтүп жаткан бул жолугушуунун башында президент Курманбек Бакиев Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдине Кыргызстанга сапары кыргыз-казак мамилелерине жаңы дем берет жана инвестиция агымынын дагы көбөйүшүн шарттайт деп билдирди. Мунун алдында өткөң эки президенттин бетме-бет жолугушуусунда президент Назарбаев Кыргызстанга ар тараптуу, анын ичинде экономикалык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген. (BuS)