Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

КАЗАКСТАН-КЫРГЫЗСТАН: КЕЗЕКТЕГИ КЕЛИШИМДЕР НАТЫЙЖАЛУУ БОЛОБУ?


Бишкекте бүгүн президент Курманбек Бакиев расмий сапар менен келген Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуунун башында Курманбек Бакиев Казакстан президентинин Кыргызстанга сапары кыргыз-казак мамилелерине жаңы дем берет жана инвестиция агымынын дагы көбөйүшүн шарттайт деп билдирди. Мамлекет башчыларынын бетме-бет жолугушуусунда президент Назарбаев Казакстан Кыргызстанга ар тараптуу, анын ичинде экономикалык колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин айтты. Президенттер жолугушуунун соңунда биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Андан тышкары мамлекеттер аралык жогорку кеңеши жана тышкы иштер министрлеринин кеңеши жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндөгү чечимге кол коюшту. Кеңбулуң-Аухатта жана Айшабүбү-Чоңкапка чегара кызматташтыгы жаатында эл аралык борбор түзүү боюнча макулдашууга өнөр жай министрлери, Алматы, Жамбыл, Ысыккөл, Чүй, Талас облустарындагы чегара аймактарында үчүнчү өлкөлөр үчүн туристтик визаларды ич ара таануу, жана маданият жаатындагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууларга тышкы иштер министрлери кол коюшту.

XS
SM
MD
LG