Президенттер Нурсултан Назарбаев менен Курманбек Бакиев жолугушуунун соңунда эки президенттин билдирүүсүн кабыл алышты. Андан тышкары мамлекеттер аралык жогорку кеңеши жана Тышкы иштер министрлеринин кеңеши жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндөгү чечимге кол коюшту. Кеңбулуң-Аухатта жана Айшабүбү-Чоңкапка чегара кызматташтыгы жаатында эл аралык борбор түзүү боюнча макулдашууга өнөр жай министрлери, Алматы, Жамбыл, Ысыккөл, Чүй, Талас облустарындагы чегара аймактарында үчүнчү өлкөлөр үчүн туристтик визаларды ич ара таануу, маданият жаатындагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууларга тышкы иштер министрлери кол коюшту. (BuS)