Юстиция министри Марат Кайыповдун маалымат жыйынында билдиргенине караганда, министрлик Митингдер, пикеттер, жөө жүрүштөр өңдүү акцияларды өткөрүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө долбоор даярдап жатат. Ага митингдер үчүн атайын жерлерди чектөө, жөө жүрүштөрдүн багыттарын алдын ала маалымдоо өңдүү жоболор киргизилип жатат. Мындан тышкары долбоордо акцияларды түн ичинде өткөрүү чектелген. Бул аракетти министр адам укуктарын чектөө эмес, эл аралык нормаларга ылайыктоо катары чечмеледи. Ошондой эле Марат Кайыпов Бириккен фронт жана «Канжар» уюмдары каттоодон өтпөгөндүгүн белгилеп, мыйзам боюнча саясий ишмердүүлүк жүргүзө турган уюмдар милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек деп билдирди. (BuS)