Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

ЕВГЕНИЙ ДОГА БИШКЕКТЕ ЭКИНЧИ ЖОЛУ КОНЦЕРТ БЕРЕТ


Бүгүн Бишкекте молдован композитору, СССРдин эл артисти Евгений Доганын концерти өтөт.

Бир катар сыйлыктардын жана наамдардын ээси болгон Евгений Дога эки жүздөн ашык тасмага музыка жазган. Атай кетсек “Асманга жол алган табор”, “Жанымдай көргөн жапайым”, “Бойдокторго жатакана берилет” жана башка фильмдер. Композитор ошондой эле “Жамила” аттуу кыргыз тасмасынын да музыкасын жазган. Андыктан бүгүнкү өтүүчү концертте угармандар аталып өткөн фильмдерди эске түшүрүшөт.

-Концерттин программасында негизинен тасмалардын музыкалары жаңырат. Анын ичинде “Жамила” аттуу кыргыз фильмине жазылган музыка да бар. Ал эми бул музыканы 94-жылы Кыргызстанга келип, кооз табиятына суктанып, таасирленип жазгам.

Кечеде ошондой эле романстар, ырлар жана оркестрдик музыкалар жаңырат деп кошумчалады Евгений Дога. Композитор өзү менен кошо эки ырчыны ала келген. Алардын бири Светлана Мариева мындай деди.

-Концерттин угармандарына эстрада жаатында жана элдик музыкалардан тартуулайбыз. Биздин Кыргызстанга экинчи жолу келишибиз, алгачкы концертибиз ийгиликтүү өткөн андыктан бул жолу деле ошондой болот деген ойдобуз.

Светлана Мариева белгилеп өткөндөй Евгений Дога мындан эки жыл мурун да келип концерт койгон. Мына ошондо Светлана Мариева менен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Султан Каримов дует ырдашкан. Бул жолу да ошол номерин тартуулашат.

Ошентип Евгений Доганын концертти кыргыз ырчыларынын катышуусу жана Асанкан Жумакматов дирижерлук кылган симфониялык оркестрдин коштоосунда өтөт. Бирок бул оркестр менин музыкаларыма дал келбейт экен деди Евгений Дога.

-Мен эстрадалык музыкаларды гана жаратам симфониялык музыка жазбайм, анын үстүнө музыкаларымда заманбап аспаптарды сөзсүз колдоном. Ошого байланыштуу концертке башка музыканттарды да чакырганга туура келип жатат. Кандай гана тоскоолдуктар болбосун концерттин ойдогудай өтүшүнө аракеттенебиз. Ушул кечте биз тартуулаган музыкалар угармандардын эс алуусуна шарт түзүп, үйлөрүнө көңүлдүү маанай менен кайтышса деген эле тилек- деген оюн билдирди молдаван композитору Евгений Дога.

Өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен кыргыз-орус маданий байланыштарына кошкон салымы үчүн Евгений Догага “Данакер” ордени ыйгарылды. Евгений Дога учурда “Диалог жана сүйүү” аттуу операнын үстүндө иштөөдө. Ошондой эле бир катар кинотасмаларга музыка жазууда. Ал эми Кыргызстандагы концерттен кийин Беларусияда чыгармачылык кечесин өткөрүүнү ниет кылууда.

-Айжан Шаботоева,Бишкек
XS
SM
MD
LG