Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:10

АЗИЗА АБДРАСУЛОВА: 19-АПРЕЛДЕ МАССАЛЫК БАШ-АЛАМАНДЫК ЭМЕС, ЭЭНБАШТЫК АРАКЕТТЕР ГАНА БОЛДУ


Оппозиция өкүлдөрүнүн камалышына каршы Бишкекте нааразылык чаралары өтүүдө. Камакта “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун үч өкүлү бар. Мындай көрүнүшкө нааразылык билдиришкен укук коргоочулар кечээ өкмөт үйүнүн жана улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына нааразылык чарасына чыгышкан эле. “Азаттыктын таңкы уктурууларында “Кылым шамы” бей өкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова айрым суроолорго жооп берди.

- Бириккен фронтунун Өмүрбек Субаналиев, Өмүрбек Абдрахманов, Адилет Айтикеев өңдүү өкүлдөрү комитеттин камагында. Ал эми укук коргоочулар катардагы митингдин катышуучуларынын арасынан милицияда жоон топ адамдар бар экенин айтып жаттыңыздар эле. Алар бошотулганбы, же дагы деле камактабы?

- Бүгүнкү күндө алар дагы эле камакта. Бизди - укук коргоочуларды эмне нааразы кылып атат? Биз өзүбүздүн атайын экспертизабызды өткөрүп чыктык, 19-апрелдеги окуялар боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 233-беренеси менен айыпталып атышпайбы. 233-статья деген бул массалык башамаландык деп аталат. Ал эми биздин эксперттерибиз айтып атышат, 19-апрель күнү массалык башаламандык болгон жок, хулигандык аракеттер болду деп. Ошого ылайык берене болбой атат, массалык башаламандык деп 50дөн ашык адам суралып атат. Үч адам отурат деп атабыз, бирок андан башка дагы бизге белгисиз митингдин катышуучулары отурганы дайын болуп атат, бүгүн биз аты-жөнүн тактаганы жатабыз. Дагы бир маселе, кечээ Адилет Айтикеевдин апасын ГКНБнын тергөөчүсү чакырып алып, Жалын Маматказиев деген баланы таап берсеңер гана уулуң менен жолугуштурам деп кысым жасап жатканда үстүнөн чыгып калдык. Ал боюнча акты түздүк. Бул дагы чоң коркунуч болуп атат Кыргызстан үчүн.

- Милициядагылардын саны канча деп болжолдоп жатасыңар бүгүнкү күнгө карата?

- Свердлов РОВД тарабынан 147 адам кармалыптыр 384-берене менен. Бул паспорттук режимди бузган, чөнтөгүнө паспорт алып жүргөн эмес деген. Бул дагы туура эмес мыйзамсыз аракеттердин негизинде. Алардын бардыгы приемник распределителге алынып барылган, бирок бүгүнкү күнү алар бошотулган. Бүгүн негизги сурак ГКНБ тарабынан жүргүзүлүп атат. Негизги кармалгандар КГБнын подвалында кармалып атат. Бул Кыргызстандын демократиялык принциптерине, адам укуктарына өтө чоң коркунуч келтире турган аракеттер болуп атат бийлик тарабынан. Экинчиден, эркин гезиттер чыкпай калды. Үч гезиттин нускасы кармалып, камалып чыкпай калды. Мындайча айтканда биз кичинеден кашыктап чогулткан Кыргызстандын авторитети бир аптанын ичинде жокко чыгып баратат.

- Айтикеевди камоо мөөнөтү эки айга прокурордун санкциясы менен узартылыптыр, ал эми Субаналиев, Абдрахмановдордун маселеси демек бүгүн-эртең чечилиш керекпи?

- Биз билгенибизден кечээ ондогон депутаттар кол коюп, Субаналиев менен Абдрахмановдун боштондукка чыгаргыла, баш коргоо чарасын өзгөрткүлө деген өтүнүч менен кайрылышыптыр. Андан сырткары үч депутат кол коюп, Айтикеевдин баш коргоо чарасы өзгөртүүсүн сурап кайрылышты. Мени айрыкча тынчсыздандырганы, бул үчөөнөн башка дагы аты-жөнү бизге белгисиз, митингге катышкан миңдеген адамдардын арасынан жаш жигиттер, башка улуттун өкүлдөрүнүн кармалып турушу болуп атат. Кечээ башка улуттун өкүлдөрүнөн келишип, менин уулум митингге катышкан болчу, чөнтөгүнө нашаа сала коюп алып кетти төртөөнү, алар веналарын скрывать этебиз деп атышат деп ыйлап турган аялды көрдүк. Биз алардын аты-жөнүн, ким экенин бүгүн тактоого аракет кылалы деп атабыз.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG