Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

16:50 Жаштардын “Наша версия” журналы менен Ош кыргыз-өзбек университетинин окутуучусу соттошот


Аталган окуу жайдын окутуучусу Илхом Давыдовдун сотко кайрылуусуна, “Наша версия” журналына аны университеттеги эң паракор окутуучу деп жазылган макала себеп болгон. Журнал макаланы университеттеги окутуучулардын жана студенттерди сурамжылоого алып туруп жазган. Анда Илхом Давыдовдун да бул айтылгандар чагым болушу мүмкүн экени, анткени баарынын эле атаандашы, душманы бар деп, өзү иштеген университетте коррупция жок деген пикири жарыяланган. Илхом Давыдов абийир, ар намысын коргоо доо арыз менен сотко кайрылды жана моралдык чыгым катары журналдан 500 миң сом төлөп берүүсүн талап кылып жатат. Сот Ош шаарында 30-апрелде өтөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG