Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Али Лариджани өлкөнүн ядролук программасы жөнүндө Еврошаркет менен өткөн сүйлөшүүлөрдө "орток көз карашты иштеп чыгууга карай жылыш" жасалганын билдирди. Уюмдун өкүлү Хавьер Солана менен сүйлөшүүнүн экинчи күнү башталаар алдындагы прессконференцияда Лариджани тирешти мыйзамдын жана эл аралык эрежелердин негизинде гана чечүү мүмкүн, деп айтты.