ВАШИНГТОН. АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасы өлкөнүн Ирактагы жана Ооганстандагы согуштук сарптооолоруна 100 миллиард доллар бөлүп берүү каралган мыйзам долборун кабыл алды. Мыйзамда ошондой эле октябрь айынан тарта аскерлерди Ирактан чыгарууну баштоо жана келерки мартка чейин толук чыгарып кетүү каралат.