Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

КЫРГЫЗСТАН ТЕРРОРЧУЛАРДЫН КАРЖЫЛЫК КАНАЛДАРЫН КАРМАЙ АЛАБЫ?


Кубанычбек Жолдошев, Ош

Кыргызстанда террорчулукту, экстремизмди жана маңзат ишкердигин каржылоого бөгөт коюу жана кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдоонун бетин ачуу боюнча концепциянын негизинде иштелип чыккан бирдиктүү улуттук система түзүлөт. Мындай чечим финансалык чалгындоо кызматынын, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин, ички иштер жана прокуратура органдарынын өкүлдөрүнүн өз ара тыгыз жагдайда кызматташуу боюнча жыйынында кабыл алынды. Бул туурасында Оштон кабарчыбыз Кубанычбек Жолдошов билдирет.


Content: Жалалабад облусунун прокурору Рыскулбек Бактыбаев 1998-жылдан бери 99-жана 2000-жылдардагы Баткен окуяларын кошкондо Кыргызстандын аймагында террордук аракеттердин сегиз учуру катталгандыгын белгилеп, өлкөнүн сырттында жана ичинде даярдалган террордук уюмдардын мүчөлөрү жергиликтүү банкттар аркылуу жекече которуу жолу менен чет өлкөлөрдөн каржылык колдоолорду алып тургандыгы бир катар тергөө иштерин жүргүзүүдө байкалгандыгын белгиледи. Ал ошол эле учурда тиешелүү тергөө органдарында тиешелүү механизмдердин болбогондугунан улам каржылоо булактарын аныктоо кыйынга туруп келгендигин билдирди:

- Кайсы бир жактан курал-жарак менен камсыз болушат. Ал эмес радиостанциялары болгон. Алардын туруктуу иши болбосо, акчасы болбосо ошонун бардыгын кайсы каражаттын негизинде жасашат? Ошону каржылаган уюмдар аркылуу алган. Биздин маалыматыбыз боюнча Түркиядан, Арабиядан жеке адам катарында перевод алып турушкан, - деди Жалалабад облусунун прокурору Рыскулбек Бактыбаев.

Жыйындын жүрүшүндө Орусиядан, Украинадан жана Кошмо штаттардан келишкен эксперттер тероорчулукту каржылоо жана кылмыштуу жолдор менен табылган акча каражаттарын адалдоонун бетин ачуу багытында Кыргызстандык кесиптештери менен талкууларды жүргүзүшүп, эл аралык механизмдерди ишке киргизүүнү сунушташты. Маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча агенттиктин директору Шергозу Мырзакаримов финансалык чалгындоо кызматы, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети сыяктуу жана башка күч органдары менен биргеликте тыгыз кызматташуу гана эл аралык наркомафиянын жана эл аралык террорчулуктун аракеттерин алдын-алууга бөгөт болушу мүмкүн деген оюн ортого салды:

- Кылмыштуулук жолу менен мамлекеттин мыйзамдарын алдап туруп байыган адамдар ушул арам жолу менен тапккан акчаларды терроризмге, баңгизатка жана башка элдин бейпилдигин бузуп аткан акчаларды тосуу макстында семинар өткөрүп атабыз. Жалпы укук коргоо органдары биргелешип ушулардын механизмин табыш максатында бүгүн отурабыз, - дейт маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча агенттиктин директору Шергозу Мырзакаримов.

Ал эми финансалык чалгындоо кызматынын мониторинг бөлүмүнүн башчысы Тилен Саякбаев жыйындын катышуучулары банкттардагы күмөндүү эсептер, эл аралык деңгээлдеги акча которуулар, жашыруун каржылоо жүргүзүүнүн башка чаралары жана алардын бетин ачуу жолдору боюнча адистештирилген механизмдер менен тааныша тургандыктарын билдирди:

- Жаңы механизмдерди киргизип атабыз. Алыбыз келбесе, бизге Орусия, Украина, бүт эл аралык мекемелер жардам берип атышат, - деген оюн билдирди финансалык чалгындоо кызматынын мониторинг бөлүмүнүн башчысы Тилен Саякбаев.

XS
SM
MD
LG