Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

ТАЖИК ӨКМӨТҮ ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы мезгилде тажик өкмөтү диний экстремизмге каршы күрөштү күчөттү. Апрелдин башында Өзбекстан исламдык кыймылынын Тажикстанда иштеген жетекчилеринин бири кармалса, акыркы күндөрдө жаш балдарды исламга үйрөткөн жашыруун мектептер таап-жабылды.

Тажикстандын ички иштер министрлиги 23- жана 24-апрелде Душанбе шаарынын ар башка жерлеринде атайын операцияларды ишке ашырып, бир нече жашыруун мектепти таап, алардын жетекчилерин кармады. Ал мектептерде жаш балдар араб тилин жана исламдын баштапкы принциптерин үйрөнгөн, бирок алар жашыруун үйлөрдө уюштурулган жана алардын мектептик шарттары да болгон эмес.

Шаардын Сино аймагынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Шамсулло Махмудовдун айтымында, мугалимдер ал мектептерде балдырды уруп-сабап да кыйнаган: "Жаббор Расулов көчөсүндөгү үйдө биз бир нече өтө жаш бала жабык ашык артында окутулуп жатканын таптык. Үйгө кирсеңиз, имарат өтө начар абалда. Балдар ачка, аларга эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Аты-жөнү белгисиз мугалим аларды кыйнап, сабап-урганы дагы көрүнүп турат", - дейт Махмудов.

Эксперттердин айтымында, ички иштер министрлигинин мындай аракеттери - мамлекет тарабынан акыркы мезгилде диний экстремизмге каршы көрүлүп жаткан катуу чаралардын бөлүгү. Мындан бир нече апта мурда өкмөт - мектептерде хижаб тагынууга тыюу салды. Билим берүү министри Абдужаббор Рахмоновдун айтымында, андай салтка уруксат берилсе, исламдык кыймылдарды колдогондор мектептерде өз тартиптерин орното баштайт.

Анткен менен кээ бир укук коргоочулар өкмөттүн мындай аракеттерин калктын укуктарын бузуу деп эсептейт, айрым карапайым адамдар болсо - жаш балдар кылмыштуу топторго кирип, же баңгиликке алдырып кеткенден көрө, диний адам болуп тарбияланганы жакшы. Бирок акыркы мезгилде диний уюмдар өз пропагандасын эл арасында өтө кеңейтүүдө жана мурдагыдай баракчаларды эмес, компакт-дисктерге жазылган маалыматтарды таратууга киришти:

"Андай дисктерди таратууга тыюу салынган. Аны менен канча жаш адам туура эмес жолго түшөт! Менин айрым тааныштарым аны угуп алып, кадимки фанатиктерге айланып кетишти!" - дейт Душанбе шаарынын Мухайо деген тургуну.

Тажикстанда диний идеяларга негизделген куралдуу оппозиция да бар. 1996-жылы түзүлгөн Өзбекстандын исламдык кыймылы дагы көптөгөн жыл бою Тажикстандын аймагында аракеттенген жана кийин гана баш кеңсесин Ооганстандагы Кандагар шаарына которгон. Былтыр 12-май күнү Кыргызстандын түштүгүндөгү чек ара түйүндөрүнө кол салгандар дагы ушул кыймылдын мүчөлөрү болгон деп айтылууда, 1999- жана 2000-жылдары болсо Кыймылдын жоокерлери Баткен дубанында кадимки согуш жүргүзгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Тажикстандын Согд дубанында Кыймылдын жетекчилеринин бири Сафар Сафаров кармалгандыгы белгилүү болду. Дубандын ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Абдурахим Каххаровдун айтымында, Сафаров 2004-жылы Согд дубанынын Матчин аймагындагы Өзбекстан исламдык кыймылынын жетекчиси болуп дайындалган, бул аймак Кыргызстан менен чек аралаш.

XS
SM
MD
LG