Тегерек үстөл 19-апрелдеги окуянын оош-кыйыштарын, ички иштер министрлигинин, коопсуздук кызматынын, башкы прокуратуранын аракеттеринин мыйзамдуулугун талдоо максатын көздөйт. «Ак шумкар» демократиялык күчтөр биримдиги партиясынын лидерлеринин айтымында, талкууга саясий партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, саясат таануучулар, талдоочулар катышат. (BuS)