Бийликтеги “Акыйкаттык жана өнүгүү” партиясы президенттикке талапкер катары өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулла Гүлдү сунуштаган. Өлкө премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган жетектеген исламисттик маанайдагы партия Абдулла Гүл сөзсүз утушка ээ болору билдирген эле. Оппозициядагы Элдик Республикалык партиянын өкүлдөрү парламенттеги бүгүнкү шайлоого катышпайбыз деп айтышкан.