Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Эстонияда Советтик жоокер эстелигинин жылдырылышына каршы митинг кагылышуу менен аяктады


Кечээ Таллинде башталган митинг баш аламандыктар - хулигандык жана вандализмге өтүп кеткен. Полиция демонстранттарды жаш агызуучу газдын жардамы менен таркатты. Ортодогу кагылышууларда айрым полициячы жана демонстранттар жараат алышты. Эстон бийлигинин Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттер менен күрөшкөн советтик жоокер эстелигин жана анын жанындагы көрүстөндү башка жерге жылдыруу демилгеси Кремлди жана Эстониядагы орус калкын кыжырдантты.

XS
SM
MD
LG