Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов бул жөнүндө бүгүн «24.kg» агенттигинде өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, оппозициянын митингин кууп таркатууга алып келген инцидентти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери түштүктөн келген жарандардын жардамы менен тымызын түрдө уюштурган. «Бул үчүн жоопкерчилик президент Курманбек Бакиевдин мойнунда,- деп баса белгиледи Феликс Кулов.- Ал өзүнүн келечегин коопсуз кылуу максатында кармап-камоолор менен оппозициянын аракетин кылмыштуу кылып көрсөткүсү келип жатат». (KCh)