Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

14:51 Феликс Кулов Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитетке келип кирип кетти


Кулов атайын кызматтын жетекчилерине камактагы оппозиция ишмерлерин бошотуп, алардын ордуна өзүн камоону сунуш кылмакчы. Ал эртең менен өткөргөн маалымат жыйынында ушундай сунуш менен кайрыларын айткан болчу. 19-апрелде Бишкекте болгон тополоң окуяларды уюштурган деген айып менен УКМКнын тергөө зынданында Бириккен фронттун штаб жетекчиси Өмүрбек Субаналиев менен «Реформа» кыймылынын өкүлү Өмүрбек Абдрахманов, ошондой эле «Канжар» жаштар кыймылынын жетекчиси Адилет Айтикеев камакта жатышат. Укук коргоочулар эки-үч күндөн бери УКМКнын алдында пикет акцияларын уюштуруп, оппозициянын саясий ишмерлерине боштондук талап кылышууда. (KCh)

XS
SM
MD
LG